99 жаштагы британиялык Хельга Даффи аттуу жаран учактын канатында учкан дүйнөдөгү эң улгайган аял болду. Анын жетишкендиги Гиннесстин рекорддор китебине катталганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, учуу 16-октябрь күнү Глостерширдеги аэродромдо өткөн. Даффи кичинекей учактын үстүнө атайын байланып, анан учкан. Гиннесстин өкүлдөрү ага аэродромдо сертификат тапшырышкан.
Муну менен Даффи ушундай эле трюк жасаган 97 жаштагы Бетти Бромаждын рекордун жаңылады.