Биз социалдык тармакта

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Өзбекстанга барды

Кечээ, 18-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жубайы Жанетт менен Өзбекстандын Самарканд шаарына барды. Бул тууралуу Өзбек басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, бүгүн, 19-октябрда Самаркандда Борбор Азиядагы беш өлкөнүн жана АКШнын тышкы иштер министринин C5+1 форматындагы жолугушуусу өтөт. Ошондой эле АКШ менен Өзбекстандын ишкердик жана инвестициялык кеңешинин экинчи жыйыны болот.

Белгилей кетсек, C5+1 форматы 2015-жылы аймактык кызматташтык маселелерин талкуулоо максатында түзүлгөн. Ага АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан