Биз социалдык тармакта

Токмокто тургундар электр жарыгы боюнча мэрияга кайрылышты (видео)

Бүгүн, 19-октябрда Токмок шаарынын Ынтымак көчөсүнүн тургундары электр жарыгы маселеси боюнча мэрияга кайрылышты.

Алардын айтымында, көчөдө 30дан ашык түтүн бар. Тургундар электр жарыгын тартуу маселеси менен үч жылдан бери кайрылып келишет. Бул убакыт аралыгында эки мэр алмашканына карабастан, маселе чечилбей жатканын белгилешти.

Мындан тышкары, жергиликтүүлөр өз каражаттарына электр мамыларын сатып алышканын, бирок аларды алгандарына бир жыл болсо да, алигиче орнотула электигин кошумчалашты.

Токмокто тургундар электр жарыгы боюнча мэрияга кайрылышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан