Биз социалдык тармакта

Министр Ниязбеков Сыймык Жапыкеевдин айткандарын четке какты (видео)

Ички иштер министри Улан Ниязбеков жоюлуп кеткен Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Министр түндө Бишкектеги көп кабаттуу батирлердин биринен даттануу түшкөнүн, жерине барган милиция кызматкерлери Жапыкеевдин жоро-жолдоштору менен бирге ичимдик ичип отурганын такташканын айтты. Ал белгилегендей, кечки саат 22:00дөн кийин өлкөдө тынчтык мыйзамы сакталышы керек. Кошуналары да ушуга байланыштуу арызданышкан.

"Милиция кызматкерлерине агрессивдүүлүгүн көрсөткөн. Ал Бишкек шаардык милициясынын бешинчи бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерде териштирүү иштери башталган. Материалдар толук чогултулуп, тергөөгө өткөрүлүп берилди. Анын аракетине юридикалык баа берилет",- деди Ниязбеков.

Министр анын айткандарын четке кагып, жарандарды окуяны саясатташтырбоого чакырды.

"Саясий өңүттө карабаш керек. Эгерде бүгүн "Кыргызтестке" бара турган болсо, анда азыркыдай мас абалында тапшыра алмак эмес. Андыктан, азыркы айтып жаткан себептеринин баары суу кечпейт. Мен жөнүндө да "уктап жатат" деген сөз айтылган экен. Мага саат 3:00дө эле маалымат жеткен. Мен ошол убакта эле мыйзам чегинде иш жүргүзүү боюнча тапшырма бергем",- деп кошумчалады Ниязбеков.

Буга чейин соцтармактарда Сыймык Жапыкеевдин себепсиз эле кармалып турганын айткан чыккан видеосу тараган. Бишкек шаардык милициясы бул боюнча маалымат таратып, ал кошунасынын даттануусу менен кармалганын билдирген.


Министр Ниязбеков Сыймык Жапыкеевдин айткандарын четке какты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан