Кечээ, 18-октябрда Бишкек шаарында Шакиранын концерти болуп өттү. Бул концертке 22 өлкөдөн көрүүчүлөр келишкен.
Ошондой эле концертке барууну пландаган казакстандык блогер Гани Ажикенов чек арадан өтө албай калганын билдирди.
Анын айтымында, ал Шакиранын концертине 200 миң теңгеге билет сатып алган. Бирок Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында паспортун үйүндө унутуп кеткенин айткан.
Өз сөзүндө ал: "Менин артымда Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы турат, а мен болсо жөн гана жылмайып коюшум керек. Шакиранын концертине кирбей калдым. Астанадан Алматыга 62 миң теңгеге учуп келип, Алматыдан Бишкекке машина менен жолго чыккам. Жолдон концертке 200 миң теңгеге билет сатып алгам. Ал эми чек арага келгенде гана паспортумду унутуп калганымды билдим",- деп айткан.