Биз социалдык тармакта

Франциянын президенти Макрон билдирүү жасады 

Кечээ, 18-октябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон өлкөдө болуп жаткан баш аламандыктар боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Макрондун айтыманда, нааразычылык акциясына чыккандар дүкөндөрдү тоноп, мэрияга жана коомдук имараттарга кол салып, жарым-жартылай талкалашкан. Жүздөгөн полиция кызматкерлери жаракат алышканы белгилүү болгон.

"Жок кылгандар төлөшү керек. Тоногондор ордун толтурушу кажет. Республиканы кулатууга аракет кылгандар өз аракеттери үчүн жооп бериши керек",- деди президент.

Ошондой эле Макрон 17-октябрдагы массалык нааразычылык акцияларынан кийинки тополоңду айыптап, күнөөлүүлөрдү катуу жазалоону талап кылды. Ал тынч демонстранттарды дүкөн тоногондор менен аралаштырбоого чакырды. Ишкерлерге жана күч түзүмдөрүнө колдоо көрсөткөн президент өкмөткө коопсуздук чараларын кайра карап чыгууну тапшырды. 19-октябрдан тарта премьер-министрдин жетекчилиги менен жабыркагандарга жардам берүүчү атайын кризистик штаб иштей баштаганын кошумчалады.

Өлкө башчы саясий партияларды, уюмдарды жарандарды тынч жашоого үндөөгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан