Биз социалдык тармакта

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин бузгандарга эскертүү берилди

Бүгүн, 19-октябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында жумушчу топтун жыйыны өттү.

Мекеме маалымдагандай, отурумда социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралган.

Жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиевге, Бахтияр Кыдыралиевге, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовго эскертүү берилген. Алар социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрөрүн жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан