Биз социалдык тармакта

Төрага Марлен Маматалиев азербайжандык кесиптеши менен жолугушту

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту.
Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушууда тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.
Маматалиев Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн бери жалпы суммасы 24 миллион доллардан ашкан 11 инвестициялык долбоор жактырылганын белгилеп, мындан ары энергетика тармагындагы ири стратегиялык долбоорлорду каржылоого артыкчылык берүү маанилүү экенин кошумчалады.
Өз кезегинде Сагиба Гафарова жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрагага ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан акыркы жылдары социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана башка тармактарда жетишкен ийгиликтерди баса белгиледи. Ошондой эле, ал саясий диалогдун жогорку деңгээли экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана соода тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ыңгайлуу шарттарды түзөрүн кошумчалады.
Андан соң Жогорку Кеңештин имараты боюнча экскурсия өткөрүлүп, анда делегаттарга санариптешкен заманбап музей менен жаңыланган жыйындар залдары көрсөтүлдү. Атайын робот-экскурсовод жаңы ачылган музей тууралуу маалымат берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан