Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында өтүп жаткан волейбол боюнча мелдештер 17-октябрда жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматта кыз-келиндер арасында мелдештер аяктаганы айтылат. Биринчи орунду Айыл чарба министрлиги алса, экинчи орунду Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, ал эми үчүнчүнү Экономика жана коммерция министрлигинин курамасы жеңген.