Биз социалдык тармакта

Атамбаев энергетика министрине үйүндө жарыкты өчүрүп салышканын айтты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев парламенттин тармактык комитетинин бүгүн, 19-октябрдагы жыйынында айыл жерлеринде электр жарыгына чектөө болуп жатканын айтты.

"Аламүдүн району боюнча көп арыз түшүүдө. 3 киловатт көлөмүнөн ашканда жарык өчүп жатат. Мисалы, мен айылга барып жатам. Өткөндө электр чайник менен жылыткычты күйгүзсөм жарыгымды өчүрүп коюшту. Негизи мен төлөгөм. Алар "3 киловатт лимиттен ашканда өчүрөбүз" деп айтышты. Электр чайник, кир жуугуч, жылыткычтардын баарын кошкондо электр жарыгы өчүп калып жатат. Эл ошого нааразы болууда",- деди эл өкүлү.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков андай чектөө жок экенин айтып, муну тактоого убада берди.

Атамбаев энергетика министрине үйдө жарык өчүп калып жатканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан