Йемендин түштүк-чыгышындагы Шабва провинциясында аскердик машыгуу лагерине жасалган ракеталык соккудан кеминде 12 аскер каза болуп, 25тен ашууну жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда РИА Новости жергиликтүү бийлик өкүлүнө таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, соккуну хуситтердин “Ансар Алла” кыймылы жасаган.
Окуядан кийин жаракат алган аскерлердин абалы жана жабыркагандардын так саны тууралуу кошумча маалымат берилген жок.