Кечээ, 18-октябрда Италиянын Милан шаарында жаштардын нааразычылык акциясы массалык башаламандыкка айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Митинг учурунда беткап кийген демонстранттар соода түйүндөрүн талкалап, унаалар менен таштанды челектерин өрттөп, тартип сакчыларына кол салышкан. Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газ жана суу атуучу куралдарды колдонууга мажбур болду.
Милан шаарынын мэри Жузеппе Сала бир катар дүкөндөр тонолгонун тастыктап, орун алган окуялар шаар тургундарынын үрөйүн учурганын белгиледи. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуулардын натыйжасында 160 адам кармалды. Алардын 80 пайызга жакыны жашы жете элек өспүрүмдөр экени аныкталды.