Ош шаарында эски борбордук базар жайгашкан 1 чакырымга жуук аянтты көрктөндүрүү жана заманбап эс алуу аймагына айландыруу иштери башталды. Бул тууралуу калаа мэриясы бүгүн, 19-октябрда билдирип, эс алуучу жайдын эскиздик долбоорун жарыялады.
Маалымдалгандай, долбоордун алкагында түптөлө турган жашыл аймакта бардык шарттар түзүлөт. Экологиялык талаптар сакталып, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 50 метрлик суу коргоо тилкеси корголот. Аймакта байыркы Оштун кайталангыс архитектурасын, тарыхын, маданий мурасын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган туристтик шаарча курулмакчы. Жаңы эс алуу багынын ачылышы келерки жылдын май айына пландалууда.