Биз социалдык тармакта

Ошто курулуп жаткан жатакананын топурагы лабораторияда изилденет

Ош шаарындагы Исанов көчөсү, 79 дарегинде курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапаты текшерилди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк региондук башкармалыгынын сыноо лабораториясы текшерүү иштерин жүргүздү.

Министрликтин маалыматына ылайык, адистер курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгын текшерип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөрдү алышты. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, тыгыздалышынын сапаты ченемдик талаптарга ылайык бааланат.

Алынган маалыматтар келечектеги имараттын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн маанилүү. Объектте буга чейин инженердик-изилдөө иштери жүргүзүлүп, курулуштун сапаты ар бир этапта көзөмөлдөнүп турат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында студенттик жатаканаларды куруу иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан