Украиналык качкындар жергиликтүү тургундар менен мамиледеги чыңалуунун күчөшүнөн улам Польшадан барган сайын көп кетип жатышат. Бул тууралуу Myśl Polska басылмасы Евростаттын маалыматтарына таянып жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, 2026-жылдын май айында Польшада убактылуу коргоо макамына ээ болгон украиналыктардын саны 3750 адамга, июнда 6335 адамга, ал эми июлда 8110 адамга кыскарган.
Макалада украиналык качкындар жергиликтүү калк менен коомдук чыңалуунун күчөшүнө, өздөрүн чоочун сезүүгө жана поляктардын аларга болгон мамилесинен көңүл калууга даттанып жатканы белгиленген.
Эске салсак, Украинадагы аскердик жаңжал башталгандан кийин Польшага бир нече миллион украиналык качкын барган. Польша бийлиги аларга өлкөдө болуу үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп, материалдык жардам көрсөтүп, медициналык жана билим берүү кызматтарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген.