Биз социалдык тармакта

Марлен Маматалиев Казакстандын Курултайынын төрагасы менен жолукту

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-казак кызматташтыгын өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Парламенттер аралык кеңештин ишин активдештирүүнү жана тармактык комитеттердин байланыштарын кеңейтүүнү сунуштады.

Ошондой эле Алматы – Ысык-Көл альтернативдүү автожолун куруу долбоорунун стратегиялык маанисине токтолуп, ал транспорттук байланышты чыңдоого, соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Мындан тышкары, Жусуп Абдрахмановдун ысымын Астана шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгаруу маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Айбек Дадебай эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү парламенттик дипломатия аркылуу өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал Жусуп Абдрахмановдун ысымы Талды-Коргон шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылганын да маалымдады.

Жолугушуунун соңунда Марлен Маматалиев казакстандык кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келип, Парламенттер аралык кеңештин төртүнчү жыйынына катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, Айбек Дадебай Бишкекке Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындарына катышуу үчүн келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан