Иран Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен аймактык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча консультацияларды өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди.
РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, Аракчи бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында айткан.
Анын белгилешинче, Иран аймактык коопсуздук түзүмүн тышкы күчтөрдүн катышуусуз жана кийлигишүүсүз түзүүгө багытталган демилгелерди колдойт.
Министрдин айтымында, коопсуздук системасы аймактагы өлкөлөр тарабынан иштелип чыгып, ошол эле мамлекеттердин кызыкчылыктарына кызмат кылышы керек.