18-октябрда Бишкектеги “Бишкек Арена” спорт комплексинин аймагында милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларды сөккөн жана ар-намысына шек келтирген жаран кармалды.
Бишкек ШИИББинин маалыматына ылайык, 1997-жылы туулган Н.А. аттуу жаран милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун кызматкерлерине баш ийбей, алардын дарегине орой сөздөрдү айткан.
Ал Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинин негизинде Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция жарандарды кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийип, коомдук тартипти сактоого чакырды.