Бишкекте милициянын кайгуул-күзөт кызматынын жана Кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча окуу сабагы өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окууну ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери өткөрүштү. Анда үй-бүлөлүк зомбулуктун түрлөрү, анын алдын алуу жолдору, жабырлануучуларга жардам көрсөтүү тартиби жана мыйзамда каралган жоопкерчилик талкууланды.
Ошондой эле зомбулукка күбө болгон же андан жабыркаган жарандардын милицияга өз убагында кайрылуусунун маанилүүлүгү белгиленди.
Иш-чаранын соңунда кызматтык ишинде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлер ИИМдин ыраазычылык каттары менен сыйланышты.