Дүйнөлүк жылдыз Шакиранын Бишкекте өткөн концерти боюнча жыйынтыктар чыгарылып жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, колумбиялык ырчынын "Бишкек Аренадагы" концертине 45 миңге жакын көрүүчү күбө болгон.
"35тей чет өлкөдөн туристтер келишти. Жалпысынан Казакстан, Өзбекстан, Түркиядан жана Орусиядан көп келишти. Концерт жакшы маанайда жана абдан жогорку деңгээлде өттү",- деди Кубатов.