Кечээ, 19-октябрда Испаниянын Жер ортолук деңиз жээгиндеги чыгыш жана түштүк-чыгыш аймактарында нөшөрлөгөн жамгырдан улам катуу суу ташкыны жүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Табият кырсыгына Адам (Storm Adam) деп аталган циклон себеп болгон. Адистердин айтымында, айрым аймактарда бир чарчы метр жерге жааган жамгырдын көлөмү 600-700 литрге чейин жеткен.
Маалыматка карганда, Аликанте жана Валенсияда дарыялар жээгинен чыгып, бир нече калктуу аймактарды суу каптап, миңдеген адамдар эвакуацияланган.
Каталония аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланып, куткаруучуларга жардам берүү максатында аскер кызматкерлери аталган аймакка жөнөтүлгөнү белгилүү болду.
Ошондой эле куткаруучулар аталган аймактарда тургундарды үйдөн чыкпоого, узак жолго чыкпоого жана дарыялар менен сайлардан алыс болууга чакырууда. Ал эми синоптиктердин айтуусу боюнча, бул кубулуштун түзүлүшү татаал жана күтүүсүз болгондуктан, анын кийинки багытын так божомолдоо мүмкүн эмес.