Бүгүн, 20-октябрдан тарта Бишкек шаарындагы оргумалар өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Тазалыктын" кызматкерлери октябрдын аягына чейин оргумалардагы сууну агызып, тазалашат. Ошондой эле электр насостору жана суу чачыратуучу түтүктөр демонтаждалып, жарык берүүчү чырактардагы калдыктар тазаланат.
Андан соң насосторду, электр кыймылдаткычтарын, суу түтүктөрүн оңдоп, техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт.
Белгиленгендей, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансында жалпы 17 оргума комплекси бар.