Америкалык миллиардер Илон Маск АКШдагы ар бир балага SpaceX компаниясынын бирден үлүшүн белекке берүүнү убада кылды. Ал мындай жарыяны кечээ, 19-октябрда соцтармактагы баракчасы аркылуу таратты.
АКШда 18 жашка чейинки курактагылардын саны болжол менен 72 миллион. Учурдагы акциянын баасына таянсак, мындай белектин жалпы наркы болжол менен 10,5 миллиард долларды түзөт.
SpaceX жеке компания болгондуктан, акцияларды өткөрүп берүү механизми азырынча белгисиз. Масктын мындай ири көлөмдөгү акцияларды бөлүштүрүүнү кантип уюштурууну көздөп жатканы да белгисиз.
Эксперттер акциялар балдар үчүн мамлекеттик инвестициялык эсептер аркылуу бөлүштүрүлүшү мүмкүн деп божомолдошот. Эгерде ийгиликтүү болсо, бул тарыхтагы эң ири кайрымдуулук болот.