Биз социалдык тармакта

Шакиранын концерти: Экономикага болжолдуу 20 миллион доллар түшкөнү айтылды

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигине берген маегинде дүйнөлүк жылдыз Шакиранын Бишкектеги концертин көрүү үчүн 35ке жакын өлкөдөн 25 миңдей турист келгенин айтты.

Ал мындан болжолдуу түрдө өлкө экономикасы 20 миллион доллар киреше тапканын белгиледи.

"Ар бир турист орто эсеп менен 2 күндүн ичинде 900 доллардан коротту. Концертке билеттер, мейманкана, тамак-аш, транспортко чыгымдарды кетиришти. Учурда биз баарын тактоо үчүн санак кылып жатабыз. Эгер 900 доллардан ала турган болсок, анда "Бишкек Арена" 20 миллион доллардан ашык киреше алып келген болот",- деди Кубатов.

Шакиранын концерти: Экономикага туристтерден болжолдуу 20 миллион доллар түшкөнү айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан