The Sun басылмасынын маалыматы боюнча, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын комага түштү. Ал Пекиндеги ооруканага жеткирилип, ал жерде дарыланып жатат. Бирок бул маалымат азырынча расмий тактала элек.
Ким Чен Ын акыркы жолу 11-октябрда коомчулукка көрүнгөн. Эске салсак, ал тууралуу ушундай маалыматтар 2020-жылы да тараган эле.