Кечээ, 19-октябрда Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында дүйнөлүк жылдыз Шакирага берилбей калган гүлдөрдүн ээсин издеп жатканын билдирген.
Ал гүлдү "Бишкек Арена", Шакиранын концерти жана Кыргызстан тууралуу жазылган комментарийлердин арасынан эң көп лайк топтогон адамга берерин айткан.
Көптөгөн билдирүүлөрдүн ичинен Мирбек кызы Айзат аттуу кыздын билдирүүсү тандалып алынды.
"Мен өзгөчө кызмын, майыптардын арабасы менен жүрөм. Бирок менин да башка кыздардай эле гүл алгым, кубангым жана жашоодогу кичинекей кереметтерге ишенгим келет. Балким, бул гүлдөр Шакирага буюрбаса да, Кыргызстандагы бир кызга чоң кубаныч тартуулайт. Эгер комментарийимди окуп, жылмайып, лайк менен колдосоңуз, абдан кубанам. Сиздин жакшылыгыңыз өзүңүзгө миң эсе кайтып келсин!",- деп жазган ал.
Орунбеков мындай билдирүүгө: "Сиздики болсун, бул жакта көпчүлүк сизди тандады. Мен дагы. Бир аздан кийин колуңузга тиет",- деп жооп берген.
Кийинчерээк кыз социалдык тармактагы баракчасына гүлдөрдү алганын жарыялады.