Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио кечээ, 19-октябрда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуу "C5+1" саммитинин алкагында өткөнүн Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, тышкы саясат мекемелеринин башчылары товар жүгүртүүнү көбөйтүүнүн жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин карап чыгышкан. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен АКШнын президенти Дональд Трамптын 2025-жылдын ноябрындагы жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды аткарууга өзгөчө көңүл бурулган.
Тлеуберди америкалык инвестицияларды жана алдыңкы технологияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгилеген. Ал энергетика, өтө маанилүү минералдар, санариптештирүү, транспорт жана логистиканы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары атаган.
Тараптар Майамиде өтө турган G20 саммитине даярдык көрүү маселесин да талкуулашкан. Рубио саммиттен кийин жакынкы убакта Казакстанга толук форматтагы сапар менен барууга кызыкдар экенин ырастаган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана конкреттүү практикалык натыйжаларга жетишүүгө ниеттүү экенин ырасташкан.