Барбара Палвин дүйнөгө белгилүү венгриялык модель жана актриса. Ал өзүнүн сулуулугу жана харизмасы менен суктандырып келет. Victoria’s Secret бренди менен кызматташуусу аркылуу дүйнөлүк атактуулукка жеткен.
Модель 18-октябрда Victoria’s Secret мода көрсөтүүсүнө чыгып, кайра элдин көңүлүн бурду. Себеби ал 6 апта мурун көз жарган. Анын мындай аз убакытта формага келгендиги элди суктандырды. Бул макалада модель тууралуу топтогон маалыматтарды окууну сунуштайбыз.

Барбара Палвиндин балалыгы
Барбара Палвин 1993-жылдын 8-октябрында Венгриянын борбору Будапешт шаарында төрөлгөн. Ал жөнөкөй үй-бүлөдө чоңоюп, балалык кезин өз мекенинде өткөргөн. Ата-энеси - Агнеш жана Бенс Палвин. Анын эжеси Аниита.
Бала кезинде Барбара шайыр, эл менен бат тил табышкан жана чыгармачылыкка жакын кыз болгон. Ал ырдаганды, спорт менен машыкканды жана достору менен убакыт өткөргөндү жакшы көргөн. Кичинекей кезинен эле өзүнүн өзгөчө келбети менен айырмаланып турган.
Карьерасы
Анын моделдик карьерасы 13 жашында башталган. Барбара апасы менен көчөдө сейилдеп жүргөндө модель агенттигинин өкүлдөрүнүн көңүлүн бурган. Дароо эле кызды, анын апасын көндүрүп иштешип башташкан.
2006-жылы Барбара модель катары иштей баштап, көп өтпөй эл аралык мода дүйнөсүнө аралашкан. 2010-жылы Prada жана Miu Miu сыяктуу белгилүү мода үйлөрүнүн көрсөтүүлөрүнө катышкан. Анын өзгөчө келбети жана камера алдында өзүн эркин алып жүрүүсү көптөгөн дизайнерлердин көңүлүн бурган.
2012-жылы Барбара Палвин биринчи жолу Victoria’s Secret Fashion Show көрсөтүүсүнө катышкан. Бул анын карьерасындагы маанилүү окуялардын бири болгон. 2016-жылы Sports Illustrated Swimsuit журналына тартылып, популярдуулугу дагы өскөн. Ал эми 2019-жылы Victoria’s Secret Angel наамын алган. Бул наам анын дүйнөлүк мода индустриясындагы ийгилигин дагы бир жолу тастыктаган.
Барбара Палвин актрисалык өнөргө да кызыгат. 2014-жылы чыккан "Hercules" тасмасында Афродитанын образын жараткан. Бул анын кино дүйнөсүндөгү белгилүү алгачкы кадамынын, иштеринин бири болуп эсептелет.
Ошондой эле ал ар кандай мода журналдарынын фотосессияларына катышып, эл аралык бренддер менен кызматташып келет.
Жеке жашоосу
Барбаранын жеке жашоосу да көпчүлүктүн кызыгуусун жаратат. Ал америкалык белгилүү актёр Дилан Спроус менен 2017-жылы таанышкан. Экөөнүн ортосундагы мамиле убакыттын өтүшү менен сүйүүгө айланып, кийин үй-бүлө курууга алып келген. 2023-жылдын 15-июлунда Венгрияда баш кошушкан. Үйлөнүү тою Барбаранын мекенинде, жакындарынын катышуусунда өткөн.
2026-жылы Барбара менен Дилан ата-эне статусуна ээ болушуп, кызынын атын Сильви коюшкан. Эне болгондон кийин да Барбара карьерасын улантып, мода дүйнөсүндөгү ишмердүүлүгүн токтоткон эмес.
Ал 2026-жылдын 7-сентябрында көз жарса, 18-октябрда алты жума өткөндөн кийин эле Лос-Анжелесте өткөн Victoria’s Secret Fashion Show көрсөтүүсүнө катышкан. Подиумга кызгылт түстөгү жарашыктуу образ менен чыгып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурган. Анын жолдошу Дилан Спроус да көрсөтүүнү көрүп, аны колдоп турган.
Барбара бул жетишкендигинин артында жакындарынын жардамы жана колдоосу турганын белгилеген. Ошондой эле, ал төрөттөн кийин денеси дагы эле калыбына келип жатканын айткан.
Бул окуя көпчүлүккө эне болуу менен карьераны айкалыштырууга болорун көрсөткөн. Кээ бирлери аны колдосо, кээ бирлери азырынча кызына көп убакыт бөлгөнү туура деп пикир жазышууда.
Барбара Палвин бош убактысында үй-бүлөсү менен убакыт өткөргөндү, саякаттаганды, тамак жасаганды жана эс алганды жакшы көрөт. Күнүмдүк жашоодо жөнөкөй стилди жактыраарын белгилеген.
Бүгүнкү күндө ал мода дүйнөсүнүн белгилүү өкүлдөрүнүн бири болуп, жеке жашоосу менен чыгармачылык карьерасын айкалыштырып келет. Ал сулуулугу менен гана эмес, эмгекчилдиги, өзгөчө карьералык жолу жана чыгармачылыкка болгон кызыгуусу менен айырмаланган модель. Жаш кезинен баштап чоң ийгиликтерге жетип, дүйнөлүк мода индустриясынын белгилүү өкүлдөрүнүн бири болуп саналат.