Бишкекте күз-кыш мезгилдерине карата көмүр кампалары иштеп баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Борбор каланын 4 районунда тең отундун жетиштүү запасы бар жана баалар туруктуу көзөмөлгө алынганы маалым болду. Сатыкка негизинен "Кара-Кече" жана "Шабыркүл" көмүрлөрү сунушталууда.
Ленин району: Калкты тейлөөгө 12 көмүр базасы даяр. Кампаларда 7 миң тоннага жакын көмүр бар. Бир тоннасынын баасы - 7000 сом.
Биринчи Май району: Аймакта 8 туруктуу соода түйүнү иштеп жатат. Көмүрдүн бир тоннасы 7000 сом, ал эми бир мүшөгү 300 сомдон сатылууда.
Свердлов району: Калкты 9 көмүр базасы камсыздап жатат, алардагы жалпы запас 6084 тоннаны түзөт. "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 7000 сом, "Шабыркүл" көмүрү болсо 7800 сомдон бааланууда.