Биз социалдык тармакта

Меккедеги мечитте адепсиз аракеттерге барган эки адам өлүм жазасына тартылды

Сауд Арабиясынын Мекке шаарындагы мечитте адепсиз аракеттерге барган деп айыпталган Бангладештин эки жараны, тагыраагы, эркек жана аял кишилер өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматтарга караганда, Назрул Ислам Абдул Басир жана Сити Ахтар аттуу жарандар 14-октябрда өлүм жазасына тартылган. Алар кармалгандан кийин полиция тергөө жүргүзүп, ишти сотко өткөргөн. Сот айыпталуучуларга кылмыштын оордугун жана Меккедеги мечиттин ыйыктыгын бузганын эске алуу менен өлүм жазасын чегерген.

Окуядан кийин Бангладештин консулдугу Сауд Арабиясынын бийлигинен соттук териштирүүнүн материалдарын сурап, өлүм жазасынын алдын ала эскертүүсүз аткарылышына байланыштуу түшүндүрмө талап кылганы маалым болду.

Буга чейин социалдык тармактарда өлүм жазасына тартылган жарандар жаш жубайлар экени жана күйөөсү мечитте аялдын чекесинен өпкөнү үчүн жазаланганы тууралуу маалымат тараган. Бирок бул маалымат расмий тастыкталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан