Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Түрк өлкөлөрүнүн парламент спикерлерин кабыл алды

Бүгүн, 20-октябрда президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер парламенттик ассамблеясына мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алды.

Мамлекет башчысынын администрациясы кабарлагандай, Жапаров бул жолугушуу боордош мамлекеттердин ортосундагы достуктун жана өз ара ишенимдин айкын далили экенин айтып, ассамблеянын ишмердүүлүгү боордош мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана соода-экономикалык, транспорттук, энергетикалык, санариптик жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталганын белгилеген.

Өз кезегинде парламенттердин спикерлери президентке жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоодогу Кыргызстандын маанилүү ролуна токтолушкан. Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы байланыштарды мындан ары чыңдоого, ошондой эле түрк элдеринин жалпы баалуулуктарын жана улуттук өзгөчөлүгүн сактоого өзгөчө көңүл бурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан