Белгилүү продюсер, ырчы Витастын продюсери Сергей Пудовкин Номад ТВ телеканалынын "Ты супер" долбооруна катышып жаткан 11 жаштагы Кызжибек Сайдуллаеванын өнөрүнө жогору баа берди.
“Бул укмуштуудай өнөр көрсөтүүдөн абдан таасирлендим! Кызжибек, азаматсың!”,- деп жазды ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, Сайдуллаева Юлия Гаврилованын “Ай вы, цыгане” ырын мыкты аткарып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон.