20-октябрда Нарында Кыргызстандагы экинчи Евразиянын орус тили жана маданияты борбору ачылды. Аны «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму (АНО) ишке киргизди.
Борбор орус тилин үйрөнүүгө, чыгармачылыкты өнүктүрүүгө жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган көп функционалдуу мейкиндик болуп саналат. Бул тууралуу уюмдун маалыматына ылайык.
Борбордун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, анын орун басары Жылдыз Мамбетова, Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты, «Евразия» уюмунун кеңешинин төрайымы Алёна Аршинова, Орусиянын Кыргызстандагы Россотрудничествосунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев жана Орусиянын эмгек сиңирген артисти, ырчы Пелагея катышты.
Алёна Аршинованын айтымында, борбордун негизги максаты — орус тилин улуттар аралык баарлашуунун каражаты катары сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле өлкө тургундарынын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Ал белгилегендей, 2025-жылы Бишкекте ачылган биринчи Евразиянын орус тили жана маданияты борборуна 11 ай ичинде 37 миңден ашуун адам барган. Бул көрсөткүч мындай жайларга болгон суроо-талаптын жогору экенин көрсөтөт. Эми долбоор борбор калаадан тышкары аймактарда да өнүктүрүлүүдө.
«Кыргызстан — Орусиянын жакын досу жана стратегиялык өнөктөшү. Бизди жалпы тарых, салттуу баалуулуктар жана балдарыбыздын келечеги үчүн жоопкерчилик байланыштырат. Нарын шаарында ачылган жаңы борбордун максаты — аймактын тургундарына орус тилин үйрөнүүгө, чыгармачылык менен алектенүүгө жана маданий долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк түзүү», — деди Алёна Аршинова.
Ал эми Альберт Зульхарнеев Нарын шаары жалпы евразиялык мейкиндикте өзгөчө орунду ээлей турганын белгилеп, борбор шаар тургундары үчүн маанилүү маданий жайга айланарына ишеним билдирди. Ошондой эле мындай борборлорду Кыргызстандын башка шаарларында да ачуу демилгесин улантуу зарылдыгын айтты.
Нурбек Сатаров борбор мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырууга жана жаштардын чыгармачылык, интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Ал өзгөчө инклюзивдүү багытка токтолуп, ар бир баланын билим алууга жана коомдук турмушка катышууга укугу бар экенин баса белгиледи.
Борбордун билим берүү программалары жана чыгармачылык ийримдери балдарга, жаштарга жана чоңдорго арналган.
Анда орус тили лабораториясы, сүрөт студиясы жана арт-терапия ийрими иштейт. Катышуучулар живопись, графика жана элдик кол өнөрчүлүк менен таанышып, сүрөт жана түстөр аркылуу эмоцияларын билдирүүнү үйрөнө алышат.
Мындан тышкары, Евразия адабий конок бөлмөсү, театр студиясы жана кино клубдары уюштурулат. Келүүчүлөр Орусиянын жана Кыргызстандын жазуучуларынын чыгармалары менен таанышып, орус тилиндеги спектаклдерге катышып, орус тасмаларын көрүп, талкуулай алышат.
Ачылыш аземине катышкан ырчы Пелагея маданият менен таанышуу кээде бир ырдан башталарын белгиледи. Анын айтымында, музыка, китеп жана кино ар башка өлкөлөрдө чоңойгон адамдарды жакындатып, балдардын жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыра алат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы биринчи Евразиянын орус тили жана маданияты борбору 2025-жылы Бишкек шаарында, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алдында ачылган. Анын иш тажрыйбасы долбоорду аймактарда да өнүктүрүүгө негиз болгон.