Дүйнөлүк жылдыз Шакиранын Бишкектеги концерти аяктады. Карышкырды туурап аткарганы менен таанылган Сезим ырчыга комузун белек кылды.
Сезимдин айтымында, Шакира менен жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгү болбосо да, ырчы кыргыздын улуттук музыкалык аспабы — комузду кабыл алып, өзү менен кошо алып кеткен.
Ал комузду жөн гана музыкалык аспап эмес, кыргыз элинин үнү, тарыхы жана руханий мурасы катары баалай турганын белгиледи.
Ошондой эле Сезим Шакиранын эркиндиги, өзүн жоготпогон мүнөзү жана ички күчү ага өзгөчө таасир берерин жазган.
«Эми Кыргызстандын бир бөлүгү Шакиранын жанында болору сүйүндүрбөй койбойт. Комуздун күүлөрү бир күнү ага биздин кооз өлкөбүздү, бийик тоолорубузду, бай маданиятыбызды жана меймандос элибизди эске салып турат», — деп жазган ал.