Бишкекте өтө турган хоккей боюнча Азиянын Чакырык кубогу 24-февралда старт алат

Бишкекте өтө турган хоккей боюнча Азиянын Чакырык кубогу 24-февралда старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1-дивизиондогу мелдешке Кыргызстан, Макао, Сингапур жана Индия курама командалары катышат. Алгачкы беттештер 24-февралга туураланган. Кыргызстан биринчи беттеште Сингапурга каршы турат. 26-февралда орун ала турган мелдештин 2-турунда кыргыз хоккейчилери индиялыктар менен кез келишет. Финалдык оюн жана 3-орун үчүн оюн 2-мартка белгиленген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан