Белгилүү бразилиялык кинорежиссёр өз уулунун колунан ажал тапты

Белгилүү бразилиялык кинорежиссёр Эдуарду Коутинью Рио-де-Жанейродогу өз үйүндө уулунун колунан ажал тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 80 жашка чыккан Эдуардуга психологиялык оорудан жабыркаган уулу эт кескен бычак менен кол салган. Андан тышкары анын жубайына да 5 ирет бычак сайылып, бактыга жараша, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышкан. Полицияга маалым болгондой, бул окуядан кийин Даниэль Коутиньо (уулу) коңшусунун эшигин каккан. Анан үйүнө кайтып, "Тез жардамды" жана полиция кызматкерлерин күткөн.  

Эдуарду Коутиньо Бразилияда белгилүү болгон бир катар даректүү тасмаларды жараткан. Анын “Чебер имарат” жана “20 жылдан кийин” тасмалары 1985-жылы Берлиндеги кинофестивалда сыйлыктарга арзыган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан