Өнөрпоз Азамат Жаналиев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портретин стринг-арт ыкмасы менен жасады. Автор бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
"Ар бир кагылган мык - жашоодо кездешкен бир адам. Ар бир тартылган жип - жашоодо байланган тагдыр. Бир сүрөттө камтылган өлбөс, өчпөс Чыңгыз ааламы",- деп жазды автор.