Биз социалдык тармакта

Өлкөгө Казакстандын өкмөт башчысы келди

Бүгүн, 29-октябрда өлкөгө Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Министрлер кабинети кабарлады.

Маалымдалгандай, аны "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алган.

Расмий сапардын алкагында өкмөт башчылардын сүйлөшүүлөрү өтмөкчү.

Мындан тышкары, Касымалиев жана Бектенов Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аймактар аралык кызматташтык боюнча экинчи форумга катышат жана Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин он төртүнчү жыйынын өткөрүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан