Өткөн дем алыш күндөрү Европанын бир катар өлкөлөрүндө өткөн нааразычылык акцияларына 450 миңден ашык адам катышты. Бул тууралуу РИА Новости акциялардын уюштуруучуларынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, эң ири акциялар Франция менен Германияда өттү. Францияда жашоо наркынын кымбатташына каршы жалпы улуттук нааразычылык акциялары катары менен үчүнчү ишемби күнү уюштурулду. Ага кесиптик кошуундар, “сары кемселчендер” кыймылынын тарапташтары, ошондой эле студенттер жана окуучулар катышты.
Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча акцияларга 320 миңден ашык адам катышкан. Анын 70 миңге жакыны Парижде болгон. Тартип сакчылары 770тен ашык адамды кармаган.