7-9-февраль аралыгында Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Ооган согушунун баатыры Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган 27-ирет уюшулуучу самбо боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спорттук жана уруш түрүндөгү самбо түрлөрү боюнча өтө турган мелдеште 16 салмак категориясы боюнча медалдар ойнотулат.