Биз социалдык тармакта

Сузак районундагы мечиттин урашы боюнча кылмыш иши козголду

Сузак районундагы мечиттин урашы боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Сузак РИИБинин башчысы Нурбек Жаныбеков SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренеси (коопсуздук талаптарына жооп бербеген иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

“Учурда район башчысынын буйругу менен комиссия түзүлдү. Комиссия 2 ай ичинде кырсыктын келип чыгуу себебин аныктайт. Ошону менен бирге Сузак районундагы мечиттер каттоого алынып, алардын абалы да текшерүүдөн өтөт. Учурда райондо 120дан ашык мечит бар”, - деди Нурбек Жаныбеков.

Ошондой эле бүгүн Жалал-Абад облусунун губернатору кырсык болгон жерге барып, ооруканада дарыланып жаткандардын абалы менен таанышат.

Эске сала кетсек, кечээ, 3-февралда Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жайгашкан мечит-медресенин экинчи кабаты урап, 56 адам жабыркаган. Анда 1953-жылы туулган маркум Бактыяр ажы Ясынахуновго жаназа намазы окулуп жаткан. Ага 700дөй адам катышкан. Намаз окулуп бүтүп, эл сыртка чыгып жаткан учурда мечит-медресенин экинчи кабатынын 42 чарчы метр жыгач полу көтөрө албай урап кеткен. Жабыркагандардын экөөсүнүн кыр арка сөөгү сынып кеткен

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
INailia
2014-02-05 20:55:03
аябай жаман болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан