Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 5-февралда билдирди. Маалыматка ылайык, А.Д. аттуу министрдин орун басары 2013-жылдын май айынан ноябрь айына чейин ӨКМдан турак жай үчүн каралган каражатынан ай сайын 20 миң сомдон алып турган жана жалпысынан 140 миң сомду өздүк эсебине өткөрүп алган. Ага “бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми ӨКМнын басма сөз кызматы: “Министрдин орун басарынын күнөөсү жок экени аныкталып, кылмыш иши жабылган. Эч кандай далил таба алышкан эмес. Учурда Давлетбек Алимбеков жумуш ордунда иштеп жатат. Ал министрликтин каржы тармагын көзөмөлдөйт”,- деп билдирди.