Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусун тапанча менен коркутууга шектелип 47 жаштагы жаран кармалды.
Борбор калаа милициясынын 6-ноябрдагы маалыматы боюнча, ал Осмонкул жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен маршруттук транспорттун айдоочусун коркутууга алган.
Териштирүүнүн жыйынтыгы менен аталган жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөн. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.