Биз социалдык тармакта

Президент кызын ала албай жаткан энеге жардам кылууну тапшырды (видео)

Өлкө башчы Садыр Жапаровго 6-ноябрда Чүйдүн Аламүдүн районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда ажырашкан жолдошунан кызын ала албай жаткан эне кайрылды.

Ал Жогорку Соттун өкүмү чыкса дагы мурдагы жолдошу 10 жаштагы кызын бербей жатканын айтты. Ал башында мурдагы күйөөсү эки кызын тең күч менен тартып алганын, кийин улуу кызын кайрып алганын билдирди.

"Кыздар энеси менен болушу керек да. Соттун дагы энесинде калтыруу чечими бар экен. Эмнеге өкүм аткарылбай жатат?" - деди президент.

Сот аткаруучулардын өкүлү бул боюнча кайрылган жарандын мурдагы жолдошунун үстүнөн кылмыш иши козголгонун айтып, жыйынтыгы чыкканда тиешелүү чара колдонурларын билдирди.

Садыр Жапаров кыздарды энесине өткөрүүгө көмөк кылууну тапшырды.

Президент кызын ала албай жаткан энеге жардам кылууну тапшырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан