Бишкекте электрондук капчыктардан 11 миллион 535 миң 131 сомду мыйзамсыз чыгарып алууга шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалгандар 22 жаштагы эки жигит жана 30 жаштагы эки жаран. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.