Биринчи Май райондук салык кызматынын инспектору "опузалап акча талап кылуу" беренеси боюнча кармалды

Биринчи Май райондук салык кызматынын инспектору "опузалап акча талап кылуу" беренеси боюнча кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга Бишкек шаарынын тургуну Талантбек кайрылган. Ал Биринчи Май райондук салык кызматкери “Коллекторское агентство БАТ” ишканасынын салык тууралуу иш кагаздарына көз жумганы үчүн 8 000 сом акча талап кылганын айткан.

Бул факты боюнча шектелип Биринчи Май райондук салык инспекциясынын инспектору К.Батырбек кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө иштери башталды.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан