2013-жылы Бишкек ШИИББинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү 49 кылмыштын бетин ачкан. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, өткөн жылы Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) 38 мүчөсү кармалган.
28 – К.Көлбаевдин УКТнын мүчөсү;
3 – А.Бокушевдин УКТнын мүчөсү;
3 – М.Абакировдун УКТнын мүчөсү;
1 – А.Батукаевдин УКТнын мүчөсү;
1 – А.Анапияевдин УКТнын мүчөсү.