Бүгүнкү күнү Бишкек шаарында бир дагы “положенец”, “смотрящий” дегендер жок. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, жогорудагыдай статуска ээ адамдар ар кандай кылмыштарга шектелип кармалышкан. Аларга кылмыш иши козголуп, күнөөлөрү аныкталган.