2014-жылдын январь айында Бишкек шаарында 194 жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болгон. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыктарынан 231 адам жабыркаган. Ошондой эле жаш балдардын катышуусунда 34 жол кырсыгы катталып, 35 бала денесинен ар кандай жарааттарды алышкан. Жол кырсыгына кабылган айдоочулардын көпчүлүгү 18-25 жаштагылар.