Биз социалдык тармакта

Ысык-Көл районунда акыркы беш жылда 63 ишкана ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы 5 жылда райондо 63 жаңы ишкана ачылып, 2154 жумуш орду түзүлгөн.

Ошондой эле республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын көлөмү 2021-жылдагы 142,5 миллион сомдон 2026-жылдын 10 айында 1,8 миллиард сомго жеткен. Бул 12 эседен ашык өсүштү түзөт. Ал эми жергиликтүү бюджеттин көлөмү 226,9 миллион сомдон 890,4 миллион сомго чейин көбөйгөн.

Мындан тышкары, быйылкы жылдын 10 айында райондогу өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 826,2 миллион сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу алты эсеге өскөн. Жыл аягына чейин бул көрсөткүч 1,2 миллиард сомго жетери күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан